Гаитиде күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзаладан кийин Кариб деңизин бойлой жайгашкан өлкөлөрдүн өкмөттөрү цунами коркунучу жөнүндө эскертүү жасашты. Ассошейтед Пресс агенттиги Гаитинин борбор шаары Порт-о-Пренсте оорукана ураганын кабарлады.