Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Казак ИИМи Г. Павлюктун өлүмү боюнча маалымат берет


Казакстандын Ички иштер министрлиги бүгүн Алматада кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча маалымат таратат. Аталган министрликтин маалымат катчысы Куанышбек Жумановдун билдиришинче, кылмыш ишин Кыргызстандын атайын кызматтарына өткөрүп берүү маселеси азыр каралып жатат. 16-декабарда Алматада көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Г. Павлюкту белгисиз бирөөлөр 6-кабаттан ыргытып жиберишкен. Журналист өзүнө келе албай жатып22-декабрда ооруканада каза болгон. Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр Г. Павлюк ишмердүүлүгүнөн улам киши колду болду деп айтып чыккан. Казакстандык айрым маалымат каражаттар журналисттин өлүмүнө кыргызстандык атайын кызматтардын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экенин билдирген. Кыргыз Коопсуздук кызматы бул айтылгандарды жалган жалаа деп четке каккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG