Адвокат Азимбек Бекназаров Бишкек гарнизондук сотунун Исмаил Исаковго байланыштуу өкүмүн алып, жогорку сот инстанцияларына апелляциялык арыз менен кайрылууга даярдык көрүүдө. А.Бекназаровдун айтымында, ал арызды мүмкүн болушунча тезирээк, жакынкы күндөрү тапшырууга аракет жасайт. Арыз Жогорку аскердик сотко жолдонмокчу.(AiT)