Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

СДП фракциясы БЭКтин билдирүүсүн колдойт


Жогорку Кеңештин СДП фракциясы мыйзамсыз камалган Исмаил Исаковду колдоо иретинде 13-январда оппозициянын тарапкерлеринин саясий ачкачылык акциясын баштоого тийешеси бар Бириккен элдик кыймылдын кайрылуусун карап чыгып, буга И.Исаковго Бишкек гарнизодук аскер сотунун өкүмү себеп болгонун белгиледи.
И.Исаков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда 2008-жылы 10-октябрда президент Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан кадрлык, ички жана тышкы саясатына макул эместигин билдирип, өз каалоосу менен кызматтан чегингени президенттин жана укук коргоо, сот органдарынын тез реакция кылышына себеп болуп, ошол жылы ноябрь айында ага карата кылмыш иши козголгону айтылат. Ошондой эле сот мурдагы Коргоо министрине тагылган оор айыптардан актаганы менен судья Серик Абдиев И.Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимде өткөрүүгө, генерал-лейтенант чинининен ажыратууга чечим чыгарганы белгиленген.
Муну СДП фракциясы оппозициянын мүчөлөрүн саясий куугунтукка алуунун, укук коргоо жана сот органдарынын кезектеги мыйзамсыз иш аракеттери катары баалап, БЭКтин кайрылуусун колдоорун билдирип, буга бийликтин коомчулуктун жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу зарыл деп санайт. (AJ)

XS
SM
MD
LG