Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Обама: Гаитиге бар жардам берилет


Президент Барак Обама АКШ Гаитидеги жер титирөөдөн жабыркагандарга колунан келген жардам көргөзөт деп ишендирди.

- Адам өмүрлөрүн сактап калуу үчүн тез, координацияланган аракет көрүүгө буйрук бердим. Урандылардын алдында калган адамдарды куткаруу, гаитиликтер муктаж болгон гуманитардык жардам, азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жагынан көмөк көргөзөбүз.

Америкалык куткаруучулар Гаитиге багыт алышты. Кариб деңизинде орун алган бул өлкөдө шейшембиде 7 баллдык жер титирөө болуп, борбор шаарынын басымдуу бөлүгү урандыларга айланды. Гаитинин премьер-министри Жан-Макс Беллеривдин айтымында, курман болгондордун саны 100 миң адамдан ашышы ыктымал.
Зилзаладан Бириккен Улуттар уюмунун Гаитидеги 14 кызматкери каза тапты, 56сы жараат алды. Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун гуманитардык иш-аракеттери координациялоо үчүн жерине атайын топ жиберилээрин билдирди.
Бирок силкинүүдөн байланыш, унаа (транспорт) системасы кыйрагандыктан куткаруу жана гуманитардык жардам жеткирүү иши кыйындоодо. Эларалык Кызыл Чырым уюмунун маалыматына ылайык, кырсыктан 3 миллионго жакын адам жапа чекти.

XS
SM
MD
LG