Кечээ Ооганстанда америкалык 4 жана франциялык 1 жоокер окко учушту. НАТОнун курамындагы америкалык 2 аскер өлкөнүн чыгышында колго жасалган бомбадан каза тапты. Алардын дагы бир мекендеши салгылашуу маалында, дагы бири түштүктө бомбага кабылып мерт кетти. Анын аралыгында француз өкмөтү Кабулдун жанында болгон жардыруудан 1 жоокерин жоготконун маалымдады. Ошол эле күнү Хост чөлкөмүндө жергиликтүү 4 инженер бомбаны зыянсыздандырууга аракеттенип жаткан жеринен набыт болушту.