Иранда дагы бир гезит сот органдарынын буйругу менен жабылды. ИРНА агенттиги маалымдаганына караганда, сот “Хеммат” гезитин жалган маалымат таратуу жана коомдук пикирди козутуу үчүн күнөөлүү деп тапты. Иранда маалымат каражаттары өкмөттүн катуу көзөмөлүнө алынган. Былтыр президенттик шайлоодон кийин тутанган антиөкмөтчүл демонстрациялардан кийин бир катар журналисттер камакка алынып, маалымат каражаттарына кысым күчөдү.