Генерал Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган ачкачылык акциясы 13-январда башталган. Топчубек Тургуналиев баш болгон тогуз киши нааразылык билдирүүнүн мына ушундай жолун тандаган. Алардын акциясы бүгүн да уланууда. Акциянын катышуучуларынын ден-соолугуна кардиолог-дарыгер Ташболот Балтабаев көз салууда. Анын айтымында, азыркы мезгилде ачкачылык жарыялаган адамдардын абалы канааттандырарлык. Алардын кан басымдары такай текшерилип турат.(AiT)