“Азаттыктын” кабарчысы Жанарбек Акаевдин маалымдоосуна караганда, азыркы мезгилге карай Сопу-Коргон айылында төрт киши ачкачылык акциясын баштады. Ал жерде ошондой эле төрт жүздөй киши генерал Исмаил Исаковду саясий куугунтуктоону токтотууну, боштондукка чыгарууну, Акыйкатчы Турсунбек Акундун Алайга келишин талап кылышууда.Акциянын катышуучуларынын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элдерди көчөгө чыкпоого үндөп, айрым учурларда каматабыз деп коркутуп-үркүтүүдө. Мына ушундай көрүнүш Буудалык айыл өкмөтүндө орун алууда. Акциянын катышуучуларынын талаптарына бийлик тараптан жооп болбосо, анда алар жол тосууга барышарын эскертишүүдө.(AiT)