Time.kz гезитинин бүгүн жазуусуна караганда, Геннадий Павлюктун телефонуна түшкөн телефон номерлерин текшерүүдө ал номерлер Кыргызстандын атайын кызматынын офицерлерине катталганы аныкталган. Ал телефон номерлердин бирөөсү Кыргызстандын атайын кызматынын жогорку офицеринин наамында экени да белгилүү болуп чыккан. Атайын кызматтын офицерлери Геннадий Павлюк өлтүрүлгөндөн кийин Казакстандан чыгып кетишкен. Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматы тиешеси бар деген Казакстандын КТК телеканалынын буга чейинки билдирүүсүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат четке каккан. Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери Геннадий Павлюктун өлүмүн биргелешип иликтөө тууралуу макулдашканын Башкы прокуратурдан 13-январда кабарлашкан.(AiT)