Бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкө президенти Цахиагийин Элбэгдорж билдирди. Ал өлүм жазасын 30 жылдык түрмө менен алмаштырууну сунуш кылды. Оппозициядагы депутаттар мындай сунушка колдоо көргөзүшкөн жок. Адам укуктарын коргоочу Эл аралык Мунапыс уюму монгол президентинин тиешелүү мыйзамды өзгөртүү сунушун кубаттап, аны өлүм жазасынан биротоло баш тартууну көздөй кадам катары баалады.