17-январда Украинада өтүүчү президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 19 байкоочу Киевге жөнөп кетишти, Бул тууралуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынан Украинадагы шайлоого байкоочулар эл аралык ЕНЕМО уюму аркылуу байкоочулук кылат. ЕНЕМО уюму КМШ жана Европа өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүп келет. (AJ)