Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Казакстан демократияны өнүктүрүүнү убада кылууда


Бүгүн ЕККУ уюмундагы төрагалыгы расмий башталган Казакстан демократия менен коопсуздук күн тартибиндеги башкы маселелерден болот деп убада кылууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Канат Саудабаев бүгүн Венада, ЕККУнун 56 өлкө мүчө туруктуу кеңешинде сүйлөгөн кезинде аталган убаданы аткарууну өлкө өзүнөн баштаарын белгиледи:

-ЕККУнун ишинде адамдык ченем абдан маанилүү экенин эске алуу менен биз бул жараянга берилгендигибизди биринчи кезекте өз өлкөбүздө көргөзөбүз. Казакстандын демократиялаштыруу боюнча мындан аркы кадамдары биз төрагалыгыбыздын алкагында белгиленген максаттар жана милдеттер менен шайкеш келет.

Адам укуктарынын абалынын начардыгына байланыштуу айрымдар Казакстандан ЕККУга төрага болуусунун тууралыгынан күмөн санап келишет.

Казак тышкы иштер министринин айтымында, анын өлкөсүнүн төрагалыгы учурунда дүйнөдө коопсуздук чыңдоо маселеси жана Ооганстан да көңүл борборунда болот.

Казак тышкы иштер министри ага катар “создугуп кеткен” жаңжаалдарды чечүү зарылдыгын белгиледи. Канат Саудабаев ЕККУга төрага өлкөнүн тышкы иштер министри катары келерки айда Түштүк Кавказга барат.

XS
SM
MD
LG