Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Ирак музейине дагы бир тарыхый буюм кайтарылды


Голландия Иракка 4 миң илгери жасалган чопо тактайчаны кайтарып берди. Тактайчада байыркы ассириялыктар менен парсылар колдонгон жазуулар жазылган. Ал Интернеттеги аукциондо сатыкка коюлуп, бирок ээси Ирактын тарыхый буюм-тайымдары менен соода кылуу мыйзамсыз иш экенинен кабардар болгондон кийин тактайчаны кайтарып берген. Голландия Иракка 70 чакты археологиялык экспонатты өткөрүп берди. 2003-жылы Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийин Ирактын Улуттук музейи талоонго учурап, азыркыга чейин 7 миңдей буюм-тайым табыла элек.

XS
SM
MD
LG