Казакстандагы “Время” гезити кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү Кыргызстандагы атайын кызматтарынын операциясы аркылуу ишке ашышы ыктымал деп жазып чыкты. Анда журналисттин өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети толугу менен ачылганы, бирок ишти аягына чыгаруу үчүн казакстандык тартип коргоо органдарынын колу кыска болуп жатканы айтылат. Иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бир катар офицерлерине тиешелүү телефон номурлар аныкталганы көрсөтүлгөн. Кыргызстандын коопсуздук кызматы журналист Г. Павлюктун өлүмүнө чалгындоо кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бер деген маалыматты четке кагып келт. 16-декабрда кыргызстандык журналист Г. Павлюкту Алматада көп кабаттуу үйлөрдүн биринде алтынчы кабаттан колу-бутун таңып ыргытып жиберишкен. Ал 22-декабрда эсине келе албай жатып ооруканада кайтыш болгон. Оппозиция өкүлдөрү журналист өз кесибине байланыштуу киши колдуу болгонун, анткени анын оппозициялык маанайдагы ири Интернет сайт ачуу пландары бар болгонун айтып чыгышты. (EBM)