Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Алайда И. Исаковдун жактоочулары каршылык акцияларды күчөтөт


“Азаттыктын” азыр Алайда жүргөн кабарчысы Жанарбек Акаевдин маалымдашынча, Сопу-Коргондо тигилген төрт бой үйдү кечээ тартип коргоо органдарынын чечип салышы жергиликтүү элдин кыжырдануусун жаратууда. Нааразылык акция өткөн жерде азыр боз үйлөр жана чогулган эл жок, бирок таңатпай милиция кызматкерлери көз салып турат. Тартип коргоо органдары акциянын уюштуруучуларына кылмыш иши козголоорун эскертип жатканы маалым болду, дейт Ж. Акаев. Азыр саат ондо эл кайра чогулуп, акцияларды күчтөндүрүү боюча кеңешкени жатышат. 1-январда Бишкек гарнизондук соту мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу муну саясий буйрук катары баалап күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бийлик өкүлдөрү саясий куугунтукка негиз жок деген пикирде. (EBM)

XS
SM
MD
LG