Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

И. Исаковго жолугууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат


Адвокат А. Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 11-январда чыгарылган сот чечими алигүнчө жактоочуларына берилбей жатат. Анын айтуусунда судья Серик Абиев үч күн мурун эле чечимди Улуттук коопсуздук кызматына жибергенин айткан. Ал эми УКК болсо эч кандай сот чечими келбегенин кабарлап, адвокатка өзү коргоого алган И. Исаков менен жолугушууга да мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Мыйзам боюнча сот чечими чыккандан кийинки үч күндүн ичинде адвокатка жана соттолуучуга берилиши керек. И. Исаковго карата Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы Серик Абиев 11-январда чечим чыгарып, аны 8 жылга генерал-лейтенанттык наамынан ажыратуу менен кескен. Адвокат соттун бул чечимине байланыштуу доо арызын жогорку инстанцияга жолдомокчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG