Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Казакстан: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм


“Ал өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгү менен кимдир-бирөөгө жолтоо болгон,” деп билдирди ЕККУ төрагасынын өкүлү Адил Ахметов. “Азаттыктын” Казак кызматынын кабарлаганы боюнча ал 14-январда Венада сүйлөгөн сөзүндө бул ишке күнөөлүүлөр кармалгандыгын, тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгилеген.

Кечээ Казакстандагы “Время” басылмасы журналист Г. Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматынын тиешеси бар деген макала жарыялап, аны “ири өлчөмдөгү акчаны долбоорго бөлөбүз” деп алдап чакыргандардын телефондору кыргызстандык күч кызматынын офицерлерине таандык экени аныкталгандыгын жазып чыккан. КР Улуттук коопсуздук кызматы бул маалыматты четке каккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG