Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

Руслан Исаков: Бакиевдин үй-бүлөсү бийликти узурпациялап алды


И. Исаковдун учурда АКШда жүргөн уулу, офицер Руслан Исаков бүгүн билдирүү таратып, атасынын соттолушу –КРнын башкы командачысы, президент К. Бакиев тарабынан атайын жасалган саясий куугунтуктук болду деп билдирген. Руслан Исаков мындан тышкары азыркы президент өзүнүн үй-бүлөсү менен бийликти узурпациялап, Кыргызстандын бар байлыгын бүт менчиктеп алды, муну менен элди жакырчылыкка алып баратат деп белгилеген.

Руслан Исаков кыргыз армиясынын офицери катары 1998-жылы ант берген. Өткөн жылы мурдагы коргоо министри И. Исаковго кылмыш иши козголуп, уулуна квартира берген деп айыпталып жаткан учурда кыргыз армиясынын катарынан кетүү тууралуу рапортун АКШда окуп жаткан жеринен жиберген. Коргоо министрлиги электрондук почта менен жиберилген рапорт кабыл алынбашын билдирип тим болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG