Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Укук коргоочулар Улуттук коопсуздук кызматын айыпташууда


Коомдук парламенттин бүгүн өтүп жаткан отурумунда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова УККнын эмне иш менен алектенип жатканы белгисиз деген доомат койду. Ал ошондой эле бардык саясий куугунтукка алынып камалгандар Коопсуздук кызматынын Акыйкатчы да кирүү укугуна ээ болбогон абагына камалып жатканына кабатырлыгын билдирди. Ал коопсуздук кызматынын кызматкерлери бүгүн жалаң коркутуп-үркүтүү менен гана алектенип калганын, мындай коркутуулар өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу бала-чакасына да болуп жатканын да жарыя кылды. “Интербилим” коомдук борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева саясий куугунтуктоолор президенттик шайлоо аяктагандан кийин азайып токтогондун ордуна, тескерисинче күч алганын билдирди.
Коомдук парламент бүгүн президенттик шайлоодон кийинки коомдук-саясий кырдаал боюнча отурумга чогулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG