Бул туурасында бүгүн саясий камакка алынгандарды боштондукка чыгаруу комитетинин Москва районундагы мүчөсү Абдыкалык Үрүстөмов “Азаттыкка” кабарлады. “Кечээ Москва районунда түзүлгөн комитетке Сокулук, Панфилов райондорунан келип кошулгандар көп болуп жатат. Жакынкы күндөрдө комитеттин мүчөлөрү Чүйдөгү айылдарды кыдырып, элге өлкөдөгү соңку саясий абалды түшүндүрүүнү башташат”, - дейт А. Үрүстөмов. Ал эми Токмок шаарындагы жергиликтүү лидерлер БЕКтин саясий бюросуна, жакынкы күндөрдө нааразылык иш чараларын Бишкек шаарында өткөрүү туурасында сунуштап жатышат. 14-январь күнү Чүйдүн Москва районунда генерал И. Исаковду жана Петровка башаламандыгынын уюштуруучулары катары сегиз айдан бери камакта жаткандарды боштондукка чыгаруу комитети түзүлгөн. Комитеттин мүчөлөрү элүүдөн ашып калды. (JJ)