Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Сопу-Коргондо нааразылык акциясына чыккандарга кылмыш иши козголду


И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Элмира Турганбаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча кылмыш иши үч кишиге козголгон. Бул маалыматты Ош облустук ИИБнын жетекчи орун басары Шакир Зулимов да тастыкады, анын айтуусунда кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси боюнча ээнбаштык кылган деп, Ош-Эркечтам жолун тоскондугу үчүн бир нече кишиге кылмыш иши козголгон. Ш. Зулимов канча киши мыйзам алдында жооп берерин ачык айткан жок.

14-январда Алайдын Сопу-Коргон айлында И. Исаковдун камактан бошотулушун талап кылган 500гө чукул киши Ош –Сары-Таш –Эркечтам кан жолун буушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG