Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Пакистанда «Азаттык» уктурула баштады


15-январдан тартып «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын пуштун тилиндеги берүүлөрү Пакистанда уктурула баштады. Алгачкы сигнал жергиликтүү убакыт менен саат 16да чыкты. Аны Ооганстандын Пакистан менен чектеш аймактары да кармай алат. «Машаал» деп аталган үналгы (радио) пуштун тилинде «шам» дегенди билдирет. АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбруктун айтымында, экстремисттерден жапа чегип жаткан чөлкөмгө демократияны өнүктүрүү максатында эми «Машаал» үналгысы профессионал журналисттердин жардамы менен так жана обьективдүү маалыматтарды ыкчам берип турмакчы. Бул үчүн «Эркин Европа/Азаттыктын» бир кызматы болгон "Машаал" үналгысынын бюросу Пакистанда ачылды.

XS
SM
MD
LG