Маалыматтарга караганда Кытайдын экономикасына өткөн декабрь айында 2008-жылдын декабрына караганда эки эседен көп инвестиция салынган, анын көлөмү 12 миллиард 100 миллион долларды түздү. Негизинен 2009-жылы Кытайдын экономикасына келген чет элдик инвестициянын көлөмү 2,3 пайызга азайган, бирок анын жылдык көлөмү 90 миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылы дүйнөдө болгон кризистин алкагында өтө жакшы көрсөткүч болуп эсептелет.