15-январда Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Гаитидеги абалды билүү үчүн жакын арада бул мамлекетке барам деп билдирди. Анын маалыматы боюнча 12-январдагы жер титирөөдөн кийинки Гаитини бутуна тургузуу үчүн 550 миллион доллар керек. Ал арада борбор шаар Порт-о-Пренстеги футболдук стадион жаракат алгандарды кабыл ала турган ооруканага айландырылды. Ал эми дүйнөнүн ар кай жагынан келген 25 куткаруучу топтор мектептерге, оорукана, мейманкана сыяктуу имараттарга жайгашты. Маалыматтар боюнча күчү 7 баллдык жер титирөөдөн 50 миңдей адам каза таап, 300 миңдей адам там-ташы жок көчөдө калышты.