Өкмөттүн монополияга каршы агенттиги кумшекердин кезектеги баасын аныктады. Бул тууралуу «Кошой» ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди. Бул ишкана тарабынан калкка сатыла турган 2041,6 тонна кумшекердин баасы 1 тоннасына 41 миң сомду түзөт. Баанын жогорулашы сырттан алынып келинген товардын жана дүйнөлүк базарда кумшекердин кымбаттаганына байланыштуу болууда. (GA)