Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Кыргызстандагы украин жарандары добуш беришүүдө


Ушул тапта Украинада өтүп аткан президенттик шайлоого Кыргызстанда жүрүшкөн украиналык жарандар да добуш бере башташты. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилиги билдирет. Элчиликтин маалыматына караганда Кыргызстанда 246 украиналык жаран ырасмий катталган. Андан тышкары иш сапарлары менен Кыргызстанда жүргөндөрү да бар. “Азаттыктын” кабарчысы Мирлан Токталиев Бишкектеги Украина элчилигинде болуп, украиналыктар үчүн ачылган № 42 добуш берүү учаскасындагы шайлоо процессине күбө болду. Кабарчыбыз билдиргендей, добуш берип аткандардын катарында 18 жаштагы алгачкы жолу шайлоого катышып аткан украиналык жарандар бар. Украинада бүгүн өтүп аткан президенттик шайлоого 18 талапкер катышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG