Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Алишер Саипов боюнча иш Ош шаардык сотуна түштү


Бул тууралуу “Азаттыкка” 2007-жылы киши колдуу болуп көз жумган журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов билдирди.

Өткөн айда Жогорку Сот Алишер Саиповдун өлүмү боюнча ишти Ош шаардык сотуна жиберүү боюнча чечим чыгарган болчу.

Эки күн мурда Ички иштер министрлиги Алишер Саиповдун өлүмүнө тиешеси бар делген дагы бир адам кармалганын билдирген. Ал - Тажикстандын Кожент шаарынын тургуну Фарух Шарахматуллаев экендиги айтылган. Маалыматка караганда, журналистти өлтүргөн деген айып тагылган Абдуфарит Расулов Ф.Шарахматуллаевден тапанча алганын мойнуна алган.

Эскерте кетсек, көз карандысыз журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде атып кетишкен. Анын атасы Авас Саипов болсо уулунун өлтүрүлүшүнө өзбек жана кыргызстандык коопсуздук кызматтарынын тиешеси бар экендигин айтып келатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG