Эл аралык иштер жана парламенттик байланыш, Агрардык саясат,экология жана регионалдык өнүктүрүү комитеттеринде Казакстандын Ысык-Көлдөгү пансионаттары жайгашкан жер тилкелерин ижарага берүү боюнча келишим каралат. Өкмөттөр аралык келишимге ылайык жер тилкелери Казакстанга 49 жылга ижарага берүү каралган. Ал эми Экономиканын тармактарын өнүктүрүү комитети “Сейсмикалык коопсуздук”, “Өрт коопсуздугу” жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун карайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)