Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Ош –Cары-Таш –Эркеч-Там жолу жабык


Жолдун убактылуу жабылышына кардын көп өлчөмдө жаашы себеп болду. КР транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча аймакта бороон-чапкын дагы деле уланып жатканына карабастан, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Акыркы сутка ичинде кар калың түшкөнүнө байланыштуу Нарын –Ак-Тал-Чат –Казарман автожолунда Кара-Коо ашуусу, Чаткал –Каныш-Кыя жолунда Чапчыма ашуусунда жол жабылып, учурда министрликтин кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Чапчыма ашуусуна түшкөн кардын калыңдыгы 3 метрге чейин жетти. Түп-Кеген жана Каракол –Эңилчек жолдору 1 метрден ашуун кар түшкөндүктөн, убактылуу жабылган. Тазалоо иштери бүткөндөн кийин жолдор кайра ачылат деп убада берүүдө транспорт жана байланыш министрлиги.
Негизги стратегиялык магистраль Бишкек-Ош ачык, канжолдун бардык аймактарында жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG