Бул тууралуу БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун билдирди. Гаитидеги абал менен ушул жекшембиде жеринде таанышкан Пан Ги Мундун айтымында, бул жердеги зилзала ондогон жылдардан берки эң олуттуу гуманитардык кризистердин бири болду. Ал ошондой эле гаитиликтерди сабырдуу болууга, ал эми эл аралык коомчулукту азык-түлүк жана дары – дармек жөнөтүүгө чакырды:
-Мен бул жерге биз сиздер менен деп айтуу үчүн келдим. Силер жалгыз эмессиңер. Жардам келе баштады. Гаити сындуу кичине өлкө үчүн бул цунамиге барабар. Ири катастрофа жана гуманитардык кризис. Анын толук, өзгөчө борбордон сырткары жактардагы масштабын биз али биле элекпиз.
БУУнун башкатчысы ага катар куткаруу иштерин тездетүүнү, жардам көргөзүү ишин координациялоону жакшыртууну убада кылды. Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан өлкө - Гаитиде күчү 7 баллды түзгөн жер титирөө өткөн шейшемби күнү болгон эле. Андан он миңдеген адам өлдү деп эсептелинүүдө.