Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

Ош: бир катар айылдар тыш дүйнө менен байланышсыз калды


20 миңге чукул калк жашаган Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн тургундары “Азаттыкка” кабарлашынча, кар калың жаагандыктан, аймактын райондук жана облустук борбор менен катташуусу үзгүлтүккө учурады. Акыркы маалыматтарга караганда, Алай районундагы Тоң-Мурун ашуусу да жабылып, Кытайга чектеш Нура айылына автоунаалар каттабай калды. Кыш камын көрүүгө үлгүрбөгөн элдин турмуш-тиричилиги оорлошуп баратса да мамлекеттик органдар алардан эмдигиче кабар ала элек.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы Алайкуудагы кырдаал туурасында маалыматы жоктугун, бирок Ош-Эркеч-Там автожолун ачуу максатында алты техника иштеп жаткандыгын билдирди.(ATo)

XS
SM
MD
LG