Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Университеттерде аскердик факультет, кафедралар жоюлат


Бүгүн өкмөт башчы Данияр Үсөнов жогорку окуу жайлардагы аскердик факультеттерди жана кафедраларды жойуу тууралуу жардыкка кол койду. Ага ылайык, Коргонуу менен Билим берүү жана илим министрликтерине университеттерде аскердик факультет жана кафедраларга студенттерди чогултууну 2010-жылдан баштап токтотууга милдеттендирилди. Коргоо министрлигине 2009-2010-окуу жылында университеттерде аскердик билим алган студенттерге запастагы офицер наамын берүү тартибин бекитүү иштери тапшырылды. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, бул аракеттер президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча планы жана концепциясына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул план боюнча, эми жогорку окуу жайдын студенттери аскердик билет алыш үчүн он эки миң сом төлөп Кыргызстандагы аскердик бөлүктөрдө бир ай окушат. Ал эми офицер наамын алуу үчүн дагы он эки миң төлөп дагы бир ай окушу керек болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG