Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кечээ кечинде башкы стратегиялык магистралдын 133- жана 198-чакырымдарында кар көчкү жүрдү. Жабыркагандар жок, кар көчкү тазаланды. Көчкү жүрүү коркунучу дагы деле болуп жаткандыгына байланыштуу ӨКМ транспорт жана байланыш миинстрлиги менен бирдикте бүгүнтөн тартып көчкүнү атып түшүрүү ыкмасын колдонмокчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин белгилешинче кан жолдун ашуулардагы тилкелеринде кыймыл оорлоп жаткандыктан, негизги техникалар ошол жактарга тартылууда.(ZKo)