Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Косовонун эгемендигин араб өлкөлөрүнүн көбү тааный элек


Косовонун тышкы иштер министринин билдиргенине караганда, Приштина араб өлкөлөрүнүн көбү бул Балкан мамлекетинин көз карандысыз жөнүндөгү декларациясын тааный электигине кабатырланат. Скендер Хисени 18-январда Косоводо Араб Лигасынын баш катчысы Амр Мусса менен жолугуп, Косово мусулман улуттардын колдоосуна татыктуу деп белгиледи. Араб Лигасына кирген 22 өлкөнүн ичинен алтоо гана Косовону тааныган. 3 миллиондой калктуу Косово жашоочуларынын 90 процентине жакынын мусулмандар түзөт.

XS
SM
MD
LG