Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

И. Исаковдун адвокаты Республикалык аскер сотуна арызын тапшырды


Адвокат Азимбек Бекназаров И. Исаковго карата Бишкек аскердик гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жолдогон апелляциялык арызын Республикалык аскердик сотуна бүгүн тапшырды. Адвокаттын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча кечээ Бишкек аскердик гарнизондук сотунда электр жарыгы жок болгонуна байланыштуу соттук териштирүүнүн протоколу менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. А. Бекназаров кечээ ошондой эле И. Исаков менен жолугуп чыкканын билдирип, абактагы генерал кыргыз элине, саясий үзөңгүлөштөрүнө жана өзүнүн тарапкерлерине карата кайрылуу жасаганын кабарлады. Кайрылуунун мазмуну коомчулукка эртең тааныштырылмакчы. Буга адвокат бүгүн Петровка чатагы боюнча сотко катышып, колу бошобостугун себеп кылды.

Мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаков коргоо министрлигине тиешелүү 2 бөлмөлүү батирди аскер офицери болуп иштеген уулуна берип койгон деген айып менен 11-январда 8 жылга кесилген. Бишкек аскердик гарнизондук соту аны генерал-лейтенанттык чининен да ажыратты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG