Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Сопу-Коргондуктар менен укук коргоочулар жолугушту


И. Исаковдун атасынын үйүнө чогулган 100дөй киши Акыйкатчынын Бишкектен, Нарындан барган өкүлдөрү жана Оштон барган укук коргоочуларга талаптарын дагы бир жолу белгилешти. Нааразылыкка чыккандар менен бүгүн Оштон “Ата Мекен”, “Жаңы Кыргызстан” партияларынан да өкүлдөр барып, жолугушту. Жолугушууда акциянын катышуучулары милиция тарабынан козголгон кылмыш иштерин, И. Исаковду бошотуу талабы менен жол тосууга катышкандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылышып, Сопу-Коргонго Акыйкатчынын өзү келүүсүн сурашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров билдирди.

Мурдагы коргоо министри И. Исаковдун соттолуп, камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеген генералдын жердештери 11-январдан бери нааразылык иш-чараларын өткөрүшүүдө. 14-январда И. Исаковдун токтоосуз бошотулуусун, президент К. Бакиевдин келүүсүн талап кылган эл Ош –Эркеч-Там жолун тосуп, бир сааттай кармап турушкан. Жол тоскондорду милициянын атайын даярдыктагы отряды күч менен сүрүп чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG