Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Орусия өз аймагын транзит жолу катары колдонуу келишимин аткарууга даяр


Орусия аскерий жүк ташыган америкалык 1 учакка өз аймагы аркылуу учууга уруксат берди. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Азаттыктын” орус кызматына берген интервьюсунда билдирди. АКШ дагы бир учактын транзитине уруксат сураган, бирок белгисиз себептерден улам, кийин андан баш тартты, - деди Лавров. Анын айтымында, Орусия Ооганстанга багытталган жүктөрдү өз аймагы аркылуу ташып өтүү жөнүндө келишимди аткарууга даяр. Министр ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү, өзгөчө Казакстан менен техникалык айрым маселелер чечиле электиги транзитке тоскоолдук болуп жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG