Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Астанада абанын температурасы минус 45ке жетти


Казакстандын түндүк аймактарында адаттан тышкаркы сууктан улам коомдук унаа токтоп турат. Кечээ Чукул кырдаалдар министрлиги Астанадагы коомдук транспорт жана баш калаа менен башка облустар ортосундагы автобус, поезддер убактылуу жүрбөйт деп жарыялады. Астана жана бир катар башка шаарларда мектептер жабылды. Абанын температурасы түндүк чөлкөмдөрдө минус 45 градуска чейин төмөндөдү. Чыгыш Казакстан, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Караганды облустарында да коомдук транспорт убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG