Бул тууралуу адвокат Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында камалып турган Исмаил Исаковго 19-январда жолугушуп чыкты. Жолугушууда Исаков адвокаты аркылуу өзүнүн тарапкерлерине кайрылуу жолдогон. Кайрылуунун мазмуну бүгүн ачыкталмакчы. Бекназаров ошондой Бишкек гарнизондук соттун өкүмүн өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз Аскердик сотко шейшемби күнү берилгенин кошумчалады.(AiT)