Дипломатиялык булактардын ырастоосунда, Иран Улуттар уюмунун сүрөөнчүлүгү менен түзүлгөн келишимдин негизги бөлүгүн четке какты. Тиешелүү эскертүүнү Тегеран Өзөктүк энергия боюнча эларалык агенттиктин дарегине жолдогон. Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия былтыр октябрда иштеп чыккан сунушка ылайык, Иран өз уранын башка өлкөлөрдө байытып турмак. Батыш Иран суюк отунду өзөктүк курал жасоо үчүн колдонушу ыктымал деп шектенүүдө.