Кыргызстан аялдар конгресси, Сорос фонду жана Эмгек, калкты ишке орноштуруу жана миграция министрлигини тарабынан Челябинск шаарында борбор түзүлдү. Борбордун кызматкерлери калаада жашап, иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоп, керектүү учурда аларга юридикалык жардам беришет. Учурда борборго жабдуулар, акча каражаты берилди. Бул тууралуу Кыргызстан аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева “Азаттыкка” билдирди. Айрым маалыматтар боюнча Орусияда жарым миллионго жакын кыргыз мигранттары бар. (AiJu)