Кечээ Алайдын Сопу-Коргонунда ачкачылык кармап отурушкан И. Исаковдун жердештери менен Акыйкатчы институтунун Бишкек, Нарын, Оштон барган өкүлдөрү жана Оштон бир нече укук коргоочулар жолугушкан. Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Бакыт Рысбековдун ырасташынча, ачкачылык кармагандар милиция мыйзамсыз иш-аракеттерге барып, бир жигитке штраф салуу менен аны бир күн камаганын, башкаларды үйлөрүнөн суракка алганын, жол тосууга катышкандардын арасынан милиция тарабынан жаракат алгандар болгонун айтышкан. Ал айтылгандар боюнча Акыйкатчынын өкүлдөрү Гүлчөдөгү РИИБнин жетекчилиги, кызматкерлери менен жолугушуп, алардан эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деген жооп алышкан. Б.Рысбековдун айтымында, эртең алар Бишкекке учуп келип, ачкачылык кармап отургандардын арыз-муңун Акыйкатчы Турсунбек Акунга тапшырат.
Мурдагы коргоо министри И. Исаковдун соттолуп, камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеген генералдын жердештери 11-январдан бери нааразылык иш-чараларын өткөрүшүүдө. 14-январда И. Исаковдун бошотулуусун, президент К. Бакиевдин келүүсүн талап кылган эл Ош – Эркеч-Там жолун тосуп, бир сааттай кармап турушкан. Аларды милициянын атайын даярдыктагы отряды күч менен сүрүп чыгарган. (AiJu)