Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Жогорку Кеңеш Токтокан Боронбаеванын талапкерлигин колдоду


Акыйкатчынын орун басарлык кызматына көрсөтүлүп жаткан Токтокан Боромбаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңештин үч фракциясы тең карап, колдоп беришти. Анын талапкерлигин Акыйкатчы Турсунбек Акун сунуштаган. Анын айтымында, сунушталып жаткан талапкер тиешелүү баардык жол-жоболордон өткөн. Фракция мүчөлөрү Т.Боромбаеванын эл менен иштөө багытында мол тажрыйбасы бар экенине токтолушту. Мындан сырткары “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга ылайык акыйкатчынын бир орун басары аял киши болуш керек. Анын талапкерлиги жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жалпы пленардык отурумунда жашыруун добуш берүү менен шайланат.

Маалымат үчүн: Токтокан Боромбаева 1950-жылы туулган. 2001-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон. 2005-2007-жылдарда президентке караштуу Аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүгүү маселелери боюнча улуттук кеңештин жооптуу катчысы кызматын аркалаган. Учурда «Ажар» республикалык аялдар активининин ассамблеясы коомдук бирикмесин жетектейт. Үч баланын энеси. (КЕ)

XS
SM
MD
LG