Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Ысык-Көлдөгү жерлер Казакстанга берилмей болду


Мындай чечимди бүгүн “Ак-жол” фракциясы Ысык-Көлдөгү Казакстандын төрт пансионаты жайгашкан жер тилкесин Казакстанга ижарага берүү маселесин караган соң кабыл алды. Жерди ижарага берүү боюнча кыргыз-казак өкмөтү ортосундагы келишим тууралуу депутаттарга мүлк министри Турсун Турдумамбетов маалымат берди. Анын айтымында, казак тарапка жер 49 жылга берилет. Эгер мурда коңшулар жер салыгын жана башка салыктарды гана төлөп келишсе, эми ижара төлөмүн да жасашат жана 1 гектар жерге жылына жыйырма төрт миң сом төлөнөт. Ижарага баш-аягы 58,8 гектар жер берилет.

Айрым депутаттар жергиликтүү экологдор жана башка текшерүүчүлөр, ошондой эле катардагы эс алуучулар пансионаттарга кире албай калышы мүмкүн деген ойлорду билдиришти. Буга Т. Турдумамбетов ал жагдайлар келишимде каралганын, эгерде казак тарап ал жоболорду аткарбаса, анда келишимди бузууга мүмкүн экенин айтты.(AiJu)

XS
SM
MD
LG