Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Кыргызстанда чочко тумоосу боюнча абал тынч


Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкадыр Жороев билдирди. Анын айтымында, жаңы жылдан бери бир да адам бул илдет менен кайрылып, катталган эмес. “Учурда сезондук сасык тумоо менен кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул боюнча кайрылгандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу миң адамга көп. Мындай көрүнүш январь-февраль айларында күчөшү мүмкүн”, - дейт А.Жороев. Ошондой эле ал чочко тумоосуна каршы вакциялардын Кыргызстанга келе элегин айтып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны беш этап менен берерин белгиледи. Кыргызстанда жалпысынан 288 адам чочко тумоосуна кабылып, дарыланып чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG