Ушул тапта Бишкекте беш, Сопу-Коргондо тогуз адам ачкачылык жарялап, наар албай отурушат. Бишкектегилердин саламаттыгына көз салып турган кардиолог-дарыгер Ташболот Балтабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ачкачылык акциясына катышуу ниетин билдиргендер арбын. “Алардын саламаттыгын текшерип, алдын ала кеңеш берип жатабыз. Бүгүн ачка отургандардын бирөө өзүн начар сезип, ал токтотту. Эртең экөө кошулмай болушту”, - дейт Т. Балтабаев.
Ал эми Сопу-Коргондогу тогуз адам мурдагы коргоо министри И. Исаковду абактан бошотмоюнча ачкачылык акциясын токтотпой турганын билдиришүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” И. Исаковду коргоо комитенин мүчөсү Таалайбек Зикиров билдирди.
Бүгүн И.Исаков кайрылуусунда өз тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, бирок ачкачылык кармап ден-соолукка зыян келтирбестен акцияны токтотуусун өтүнгөн. Бирок акциянын уюштуруучулары коюлган талаптар аткарылмайынча иш-чара улана берерээрин айтып жатышат. Акция И.Исаковду бошотуу, өлкөдөгү саясий куугунтукту токтотуу талабы менен 13-январда башталган. Баш-аягы ачкачылык акциясына катышкандардын саны 35ке жетти. (КЕ)