Чукул кырдаал министрлигинин маалымат кызматы жолдун 160-чакырымында чакан автобус жол четиндеги КаМАЗ автоунаасына урунганын билдирди. 19- январда болгон кырсыкта “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаада 8 адам жабыркаган. Алардын бешөө ошол жерде каза таап, алтынчысы ооруканада үзүлгөн. Айдоочу менен дагы бир жүргүнчүгө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жолдун Таш-Көмүр шаарынын тушунда “Ауди- 80” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнгөн. Автоунаадан күйгөн кишинин сөөгү табылган. Өрттөн жабыркаган экинчи адам ооруканага жеткирилген. Жеңил унаа эмне себептен өрттөнгөнү изилденүүдө. (YA)