Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Нарында темир кенин чалгындоо боюнча коомдук угуу өттү


Жетим кырка тоосундагы темир кендерин чалгындоого үч фирма 2008-2010-жылдарга уруксат алган. Алар 22 чакырым аралыкка жол салып, 44 жерден бургулоо иштерин аткармак. Мындай маалыматты Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин жетектөөчү адиси Эмил Ыбраев маалымдады. Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева итчесинен чөптү басып жатып албай байлыкты туура пайдалануу керектигин билдирди. Бирок Нарын районундагы Таш-Башат айылынын тургуну, темир кени боюнча коомдук демилгелүү топтун лидери Аятбүбү Касымалиева кенди чалгындоого эл каршы болгондуктарын белгилеп, жердештери психологиялык жактан жабыр тартып жаткандыктарын кошумчалады. Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Биймырза Токторалиев көз карандысыз экологиялык экспертиза жүргүзүү сунушун келтирди. Жыйында элге кен боюнча илимий жактан так маалыматты берүү, кенди чалгындоочу фирмалардын өкүлдөрү менен калктын жолугушуусун уюштуруу чечими чыгарылды. (KUs)

XS
SM
MD
LG