Бул тууралуу Конституциялык соттон “Азаттыкка” билдиришти. Белгилүү болгондой Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү Президенттин мыйзам долбоорун Парламент 17-декабрда Конституциялык сотко жолдогон. Конституциялык сот аны үч айдын ичинде кароого тийиш эле. Президент сунуштаган долбоордо 20-октябрдан кийин башкаруу системасында орун алган өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу, президент милдетин аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучуну Президенттик кеңеш аркылуу тандоо жоболору бар.(AiT)